Биз жөнүндө

Базар-Коргон району Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылындагы № 16 Козубай Рахманов атындагы орто мектеби 1937-жылда төрт жылдык толуксуз орто мектеп болуп уюшулган жана Нишанов Артыкмат директор болуп эмгектенген. Ага чейин 1930-1937  жылдары Кызыл Туу мектеби болуп,  1951-жылы сегиз жылдык №23 Мукимий атындагы орто мектеби болгон  ага  Султанбек Балтабаев директор болуп шайланган. Султанбек Балтабаевдин жетекчилигинде 1971- жылы мектептин эски имараты курулуп ишке берилген. 1975-1981-жылдары Кочкор Пазилов  агай директор болуп иштеп, класстарга кошумча кылып төрт класс ачкан. 1981-1983-жылдары Осмонов Айбек, 1986-1990-жылдары Давранов Жоробай, 1990-2002-жылдары  Кочкоров Шамшиддин агайлар директор болуп эмгектенишкен.

2003-жылы №23 Мукимий атындагы мектептин аталышы өзгөрүп №16 Козубай Рахманов атындагы орто мектеп деп аталып калды. Анда 2002-2005-жылдары Пазыл Тажибаев, 2005-2009-жылдары А.Осконбаев, 2009-2013-жылдары Равшан Кочкоров директор болуп эмгектенишкен. 2013-2017- жылдары Жолдошева Айнагүл эже директор болуп эмгектенген. Азыркы жаңы мектептин жаңы имараты 2013-жылы тендерден өткөрүлгөн жана ошол эле жылы курулуп баштап 2017-2018- окуу жылдарында бүтүп ишке түшкөн. Ага Сарманкулов Токтамбек агай 2019-жылга чейин башкарып, андан кийин Атыргүл Эргешова 2019-2021- жылдары директор болуп эмгектенген.

Учурда Токтобаев Марат агай директор болуп иштеп келе жатат.

Эмблема 

Биз жөнүндө

 

Гимназиянын концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Гимназиянын усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета